SerepTV Logo

Руслан Кыдырмышев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Руслан Кыдырмышев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды
Кыдырмышев Руслан Жаманакович Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Руслан Кыдырмышев 1982-жылы 3-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Жаш кезинен тарта спорттун бир нече түрү менен машыккан. Таэквондо боюнча кара курдун ээси, машыктыруучу Мурат Бурхановдун колунда тарбияланган.
Билими: 1999-2004-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу факультетинде билим алган; 2004-2006-жылдары Президентке караштуу Башкаруу академиясынан магистрдик билим алган; Ишмердүүлүгү: 2006-жылдан тарта ишкерлик менен алектене баштаган; 2010-жылы — "Кыргыз элдик ишмерлер партиясы" саясий партиясын негиздеген ("Кыргызская Народная Рабочая Партия"); 2011-жылы — Кыргыз Республикасынын бразилиялык версиядагы "Вале-тудо" аралаш мушташ федерациясынын вице-президенти; 2014-жылы — Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти (WEF — World Ertaymash Federation — ред.); 2015-жылы — "Жаштар баңгизатка каршы" социалдык долбоорунун негиздөөчүлөрдүн бири; 2016-жылы — "Бакубат келечек" кайрымдуулук фондусун негиздеген;

2018-жылы — Кыргыз Республикасынын Тай бокс федерациясынын президенти болуп шайланган;

2019-жылы — Кыргыз Республикасынын Street Workout федерациясынын мүчөсү болуп дайындалган;

2020-жылы — Кыргыз Республикасынын "Нага Грэпплинг" Федерациясынын президенти болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
edita