Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолукту
15-майда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен анын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр Руслан Казакбаев элчи Дональд Луну Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.
Жолугушууда акыркы жылдардагы тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кызматташуунун келечектүү багыттары, алдыда боло турган эки тараптуу байланыштардын графиги талкууланды. Кызматташуу жөнүндө базалык макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү оң бааланды. Тараптар регионалдык коопсуздук, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерине да токтолушту.
Министр Руслан Казакбаев элчи Дональд Луга ак жол жана өз ара пайдалуу кыргыз-америка кызматташуусун мындан ары бекемдөө ишиндеги анын жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.