Роза Отунбаева Жеңиш аянтындагы иш-чарага катышпаган себебин айтты
Кечээ, 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Өчпөс отко гүл койду. Аны экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров коштоду. Бирок Утурумдук өкмөттүн төрайым Роза Отунбаева иш-чарага катышкан жок.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев иш-чарага Роза Отунбаеванын катышпаганын ырастап, бирок чакырылганын айткан. Ал эми өзү журналисттерге өзүн жаман сезип жаткандыктан барбаганын айтты. "Бир гана ушул себеп болду", - деди ал.