SerepTV Logo

“Реформа” саясий партиясы шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акысын кайтарууну талап кылууда

“Реформа” саясий партиясы шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акысын кайтарууну талап кылууда
“Реформа” саясий партиясы шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акысын кайтарууну талап кылууда. Алардын айтымында, учурда БШК партиялар төлөгөн 5 миллион сом күрөө акыны мыйзамсыз кармап отурушат. “Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жаңы парламенттик курам шайланган жок. Демек, шайлоого катышуу үчүн төлөнгөн күрөө акылар кайтарылышы керек” дешет алар. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 5-октябрында элдик толкундоолордун жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылган.
Unknown Author