SerepTV Logo

Референдум менен жергиликтүү шайлоолор бир күндө өткөрүлөбү?

Референдум менен жергиликтүү шайлоолор бир күндө өткөрүлөбү?
Бүгүн, 2-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков референдумду жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен чогуу өткөрүү сунушун киргизди. «Жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелге белгиленген. Бюджеттин чектелүү экендигин эске алып, референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүү сунушталат», — деди Турусбеков. Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште өткөрүлөт.
Unknown Author