SerepTV Logo

Равшанбек Сабиров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду

Равшанбек Сабиров инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду
Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
"Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. Ал бул кызматка ушул жылдын март айында дайындалган болчу.