Равшан Жээнбеков УКМКда сурак берип жатканын билдирди
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков УКМКда сурак берип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жарыялады.
"УКМКнын имаратында сурак берип жатам. Жакындарым аркылуу мага кысым көрсөтүлүп жатат. Бул ойдон чыгарылган саясий иш", - деп жазды саясатчы.
Буга чейин экс-депутат анын жана анын карындаштарынын үйүндө УКМКнын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөнүн маалымдаган эле. УКМК Равшан Жээнбековдун карындашы мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген.