SerepTV Logo

Рахмон Жапаровду жана Кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Рахмон Жапаровду жана Кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. «9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда. Тажик президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
admin@supertv.kg