Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапары кандай өттү? (Сүрөт)
Бүгүн, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары болуп өттү.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду. Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирип, кыргыз-орусиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюшту.
Андан соң эки өлкөнүн лидерлери Кант шаарындагы Авиация базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мындан тышкары Владимир Путин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында "Ата-Бейит" комплексинде 1916-жылы курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду.
Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары уланууда, эртең, 13-октябрда ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө - мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="208014,208017,208013,208015,208016"]