Путин Кыргызстанда. Бул анын быйылкы жылдын эсебинен алгачкы чет өлкөгө сапары
Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Бишкекке расмий сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Бул анын 2023-жыл ичиндеги алгачкы ирет чет өлкөгө жасаган сапары болот.
2023-жылдын март айында Гаагадагы эл аралык сот аны арестке алууга ордер берген болчу.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="207766,207767,207768,207769"]