Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Далиев Уланбек Эшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп, 2024-жылдын февраль айында дайындалган.