"Президенттин өкүлү кызмат орду дайындалсын". Жапаров Баткенди калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын тез арада калыбына келтирүү, ошондой эле жарандардын жашоо-турмушу, уюмдар, мекемелер жана ишканалар үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары — комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
- Комиссия төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин:
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын, анын ичинде Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун;
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;
- 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлүнүн (мындан ары — президенттин атайын өкүлү) кызмат орду уюштурулсун.
- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылбастан (банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилдик берүүчүнү талап кылбастан) жана мөөнөтүн узарткандыгы жана/же мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн пайыздарды албастан салык карыздарынын жана бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммаларына карата мөөнөтүн узартуу/же мөөнөтүн жылдыруу;
- жабыр тарткан экономикалык иштин субъекттерине салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчет берүүнүн мөөнөтүн 6 айлык мөөнөткө чейин узартуу.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталсын.
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Айыл Банк» ачык акционердик коому жана «РСК Банк» ачык акционердик коому менен биргеликте төмөнкү маселелерди карап чыгуу сунушталсын:
- Мамлекеттик органдар жабыр тарткан жарандарга төмөнкүлөрдү акысыз берсин:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: