SerepTV Logo

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан кетти

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек кызматтан кетти
Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек бүгүн маалымат катчы катары акыркы күн иштеп жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе калганын, анын алдына коюлган иштер аткарылганын, өзүн башка жумушта сынап көрөрүн жазган. "Президент Садыр Жапаров менен биргеликте, команда жана сиздер менен бирге биз оор жолду басып өттүк, бир нече олуттуу соккуларды баштан өткөрдүк. Бул менин жашоомдогу эң окуялуу жана чечүүчү мезгилдердин бири болгон деп менен айта алам", - деп жазды ал.
edita