SerepTV Logo

Президенттин маалымат катчысы: "Азык-түлүккө байланыштуу көйгөй болбойт"

Президенттин маалымат катчысы: "Азык-түлүккө байланыштуу көйгөй болбойт"
"Казак тараптан айрым өткөрүү пункттарынын жабылып жатканына байланыштуу коркунучтардан улам бүгүнкү күнгө карата өлкөдө социалдык маанидеги азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар экенин билдиребиз", - дейт президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Ал жарандарды азык-түлүк кескин кымбаттап же тартыш болушу мүмкүн деп чочулабоого чакырды. Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелеринин линиясы боюнча кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү пункттарын тез арада кайра ишке киргизүү иштери жүрүп жатат.