УКМК: "Президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Нургазы Анаркулов кармалган, бирок камакка алынган эмес"
Президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Нургазы Анаркулов кармалып, бирок камакка алынган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кылмыш ишинин алкагында Нургазы Анаркуловду камакка алуу түрүндө эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатат",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин жыйынтыгында, Анаркуловго карата юридикалык баа берилери айтылды.
30-январда Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.