SerepTV Logo

Президенттин басма сөз кызматын жетектөөгө келген Алтынбек Жумаевдин өмүр баяны

Президенттин басма сөз кызматын жетектөөгө келген Алтынбек Жумаевдин өмүр баяны
Бүгүн, 28-декабрда Жумаев Алтынбек Мусаевич президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын өмүр баяны менен тааныштырат. Алтынбек Жумаев 1970-жылы 1-январда туулган. Билими жогорку. 1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин, 2004-жылы Кыргыз-Россия билим берүү академиясын, 2017-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2021-жылы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган. Иш тажрыйбасы: 1998-2005-жылдары — КТРКнын диктору; 2005-2006 –жылдары — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты, эксперт; 2006-2008-жылдары — КТРКнын «Замана» cтудиясынын жетекчиси; 2008-2009-жылдары — КТРКнын башкы директорунун кеңешчиси; 2009-2010-жылдары — Чүй облустук «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясынын башкы директору; 2010-жылы — «Канал D» [«7 канал»] ТРК ААКнын негиздөөчүсү жана башкы директору; 2017-2018-жылдары — «NUR» телекомпаниясы ААКнын негиздөөчүсү; 2020-жылдын ноябрь-декабрь айлары — Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын жетекчиси; 2021-жылы — Министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттин администрация жетекчисинин кеңешчиси.