SerepTV Logo

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду
Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Жарлыкка өз каалоосу менен жазылган арыз негиз болгону айтылган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Нургазы Анаркулов 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.
edita