SerepTV Logo

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун чек ара боюнча айткандарына комментарий берди

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун чек ара боюнча айткандарына комментарий берди

Президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда. Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет», - деп жазылат маалыматта.

Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш Лейлек жана Баткен райондорунда 210 миң гектар жер талаштуу экенин айткан. Тажик тарап муну Тажикстан Республикасынын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу катары баалады.