Президенттин басма сөз катчысы Байтерек "Ачык саясат" гезитин сотко берери айтылууда
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек "Ачык саясат" гезитин сотко берерин билдирген. Бул тууралуу аталган гезиттин журналисти Назгүл Мамытова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда журналист Галина Байтерек менен соттошууга даяр экенин билдирди.
“Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек, "Ачык саясат" гезитин сотко берерин билдириптир. Гезитибиздин өткөн жумадагы чыгарылышына, “Галина Байтерек иштей албай жатат, ага караганда Анжелика иштесе мыкты иштемек хайп жаратып” – деп жазганбыз.
Галина айым редакцияга телефон чалып, “Менин иштей албай жатканымды, президенттин маалымат саясатын туура жүргүзө албай жатканымды далилдеп бергиле, мени кайдагы бир ырчы Анжеликага эмнеге теңейсиңер? Мен сонун эле иштеп жатам” дейт. Кечээги эле Үңкүр-тоо боюнча маселеде коомчулукка бүлүк салып, кыргыз-өзбек ортосундагы маалыматты туура эмес берип, президентти коомчулук астында бир топ сынга кабылтканын эмне дейт болду экен ыя?! Пресс-катчынын ишмердүүлүгүн коомчулукка салалы. Чын эле Галина айым президентти маалымат катчысы катары жипке тизген шурудай кылып, деңгээлин көтөрүп койдубу? Оюңарды ортого салгылачы. Буга чейинки президенттердин пресс-катчылары сындасак сыныбызды туура кабыл алып, эч бир журналист менен конфликтке барышчу эмес! Сын айтылат, жазылат! Айрыкча президенттин айланасы сын-пикирге даяр болуш керек! Желпилдеп жеңил болуп, журналисттер менен ызы-чуу болсо президентке эле сөз тиет. Мен Галина эже менен соттошууга даярмын!”, – деп жазды журналист Назгүл Мамытова.
Учурда бул окуя боюнча Галина Байтерек өзү эч кандай комментарий бере элек. SEREP MEDIA маалымат агенттиги катчы менен байланыша албай жатат.