Президенттин аппаратына бөлүм башчы болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун мандаты кимге берилет?
Экс-депутат Искендер Гайпкуловдун мандатын "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов ала алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Абдыжапар Бекматов билдирди.
"2015-жылы Шайлообек Атазов "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде болчу, ал ошол жылы ушул партия менен шайлоого барган. Азыр кийинки талапкердин тизмеси Атазовго жеткендиктен, Гайпкуловдун мандаты ага берилет", - деди ал.
Шайлообек Атазов 41 жашта. Ал "ЕРЕМ" спорт клубунун аткаруучу директору. Ошондой эле ал "Күч биримдиги" саясий кыймылынын лидери.
2020-жылдын 4-октябрындагы жыйынтыгы жараксыз деп табылган парламенттик шайлоодо Шайлообек Атазов "Мекеним Кыргызстан" партиясынын курамында депутаттыкка талапкер болгон.
Искандер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.