Президенттин басма сөз кызматынын жаңы жетекчиси 29 жашта. Нурай Марс тууралуу дагы эмне белгилүү?
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нурай Марс дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматынан бүгүн, 18-майда билдиришти.
2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин президенттин басма сөз кызматын Нургазы Анаркулов жетектеп баштаган. Ал 2021-жылдын январь айында акча талап кылган деген шек менен кармалып, ээлеген кызматынан бошотулган.
Андан кийин бул кызматка Нуркамал Асканова келген. Ал эми бүгүн Асканованын кызматтан кетип, анын ордуна 29 жаштагы Нурай Марс келгени маалым болду.
Нурай Марс 1991-жылы 29-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Билими жогорку. 2015-жылы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. Учурда ал Кыргыз Экономикалык университетинин Финансы жана кредит факультетинде "Коомчулук менен байланышуу адиси" адистиги боюнча магистратурада окуйт.
2017-жылдан азыркы учурга чейин - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси;
2010-2011 жана 2013-2014-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүндө бөлүм башчынын милдетин аткаруучу болуп иштеген;
2013-жылы Мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин басма сөз катчысы болгон.