SerepTV Logo

Президенттикке талапкерлердин теледебатынын II турунда Жапаров менен Мадумаров бир күндө чыга турган болду

Президенттикке талапкерлердин теледебатынын II турунда Жапаров менен Мадумаров бир күндө чыга турган болду
Президенттикке талапкерлердин  теледебаттарынын экинчи туру 6-январда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын   бекиткен графигинде көрсөтүлгөн. 18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен теледебаттардын ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн. Ага ылайык экинчи тур 6-7-8-январь күндөрү КТРКдан саат 20:00дө түз эфирде көрсөтүлөт. Ал эми Рашид Тагаев жарышка катышуудан баш тартканына байланыштуу 7-январда беш кандидат чыга турган болду. График:  6-январь   Садыр Жапаров; Адахан Мадумаров; Канатбек Исаев; Курсан Асанов; Элдар Абакиров; Аймен Касенов.  7-январь Клара Сооронкулова; Абдил Сегизбаев; Арстанбек Абдылдаев; Равшан Жээнбеков; Каныбек Иманалиев.  8-январь   Улукбек Кочкоров; Бабыржан Төлбаев; Бактыбек Калмаматов; Жеңишбек Байгуттиев; Имамидин Ташов; Мыктыбек Арстанбек. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 10-январда өтөт.
altinay