Президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Тизме
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.
Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
- Султанбаев Эрбол Абдыкадырович – президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды;
- Жаманбаев Муса Мураталиевич – президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды;
- Калматов Анарбек Баратович – президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
- Абытов Алмасбек Ахунжанович – Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
- Жусупов Медер Кеңешович – президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык сотундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;
- Марс Нурай – Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Иминов Махамаджан Саитович – президенттик администрацияга караштуу Укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Естебесов Адыл Жээнбекович – Министрлер кабинетине караштуу Укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Базарбеков Замирбек Курамаевич – Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Дюшекеев Дастан Станбекович – Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Айдарбеков Айбек Акматбекович – Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Бакиров Жетиген Жокинович – Мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Орозалиев Акылбек Атабекович – Инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Жалалов Жаныбек Махматалиевич – Уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Керимжанов Алтынбек Жамалбекович – Кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Мурзаканов Санжар Равшанбекович – Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Беков Аскат Турдумаматович – Стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Абдыкалыков Жанузак Козубайевич – Экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Кулуев Алымкул Раимкулович – Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Оморов Азамат Каныбекович – Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Узаков Азат Сапарбаевич – Курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Байтереков Таалай Алымбекович – Санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Усубалиев Максат Абдыкадырович – Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Байтерек Галина Жумабековна – Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Базарбаев Кудайберген Базарбаевич – Жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Абдрахманова Чолпон Садырбековна – президенттик администрацияга караштуу Канцеляриянын начальниги болуп дайындалды;
- Абдысадыр уулу Азат – президенттин жана Министрлер кабинетинин актыларын, президенттик администрацияга караштуу Канцеляриянын башка актыларын редакциялоо жана которуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
- Рахматова Жанна Аскербековна – президенттин жана Министрлер кабинетинин актыларын, президенттик администрацияга караштуу Канцеляриянын башка актыларын чыгаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын президентинин тескемелери менен:
- Шукурбеков Улугбек Абдималикович - Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;
- Апенов Таалайбек Бекболотович - Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;
- Сманбаева Жылдыз Аскарбековна - Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетов Алмаз Ишенбекович Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Анын биринчи орун басары болуп Мамбеталиев Мирбек Кемелович, орун басары болуп Шерматов Эмил Абсатарович дайындалышты.