SerepTV Logo

Президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болду

Президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болду
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Жарлыктарга ылайык: — Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; — Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; — Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги; — Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.