Президент укук коргоочулар тобун кабыл алды. Тизмеде кимдер бар?
Кечээ, 28-апрелде президент Садыр Жапаров укук коргоочулар тобун кабыл алган. Маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
"Коомчулуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты”, - деди ал.
АКИpress агенттигине маалым болгондой, Жапаров төмөнкүлөр менен жолугушкан:
- Динара Ошурахунова;
- Нурбек Токтакунов;
- Рита Карасартова;
- Гүлшайыр Абдрасулова;
- Эркина Убышева.