SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы мамлекеттик кабыл алууга кимдер барды? (сүрөт)

Президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы мамлекеттик кабыл алууга кимдер барды? (сүрөт)
Кечээ, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү. 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССР Жогорку Совети «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларацияны кабыл алган. Декларацияда Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинин тышкы иштердеги көз карандысыздыгы жана ички иштерде мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү - суверенитет белгиленген. 1991-жылдын 31-августунда «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө» декларациянын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын (Баш мыйзамын) жетекчиликке алуу менен Жогорку Советтин кезексиз сессиясы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация» жөнүндө токтом кабыл алган. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын мурдагы президенттери Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты. Ал иш-чарага келген меймандардын алдында сүйлөп жатып, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы Кыргызстан эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонуна токтолду. Президент улуттук маданий очоктордун бири болгон Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу жагдайда чогулуунун негизги себеби – 2021-жылдын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесин майрамдоо урааны менен өткөндүгүн баса белгилеп, кайсы бир деңгээлде корутундулоо болуп саналарын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды. Мамлекет башчысы Жусуп Абдрахмановдун жакындары тарабынан берилген мамлекеттик ишмердин күндөлүгүнүн түп нускасын Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна тапшырды. Садыр Жапаров кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин кол жазмасы Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланып, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы улуттук таберик болорун белгиледи. Мындан тышкары, президент музейге «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшырды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="89517,89518,89519,89520"]