SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат. Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: - Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев; - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев; - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов; - Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков. Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун бүгүн кайра эле Бишкекке кайтып келери айтылды.