SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкент шаарына жөнөп кетти. Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышын талкуулашат. Саммиттин ишине уюмга мүчө – Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстандын, Пакистандын өкмөт башчылары катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;

- Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков;

- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

edita