SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров министрлер менен социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады

Президент Садыр Жапаров министрлер менен социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды. Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана мамлекет башчысынын администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103326,103327,103329,103328,103325"]