SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы: - Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев; - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев; - Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова; - Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев; - Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.