Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Эки мамлекет башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты.
Кечээ, 4-февралда президент Садыр Жапаров КЭРге мамлекеттик иш сапар менен барган. Өлкө башчыны Кытайдын Турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="272572,272575,272576,272570,272569"]