SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Кербен шаардык кеңешин таркатты. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кербен шаардык кеңешин таркатты. Жарлыкка кол коюлду
Президент “Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбагандыгына байланыштуу, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана  Кербен шаардык кеңеши таркатылсын.
  • Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына, жекшембиге дайындалсын.
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети: – мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн; – мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; – маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн; – добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча калкты  каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын  жана тийиштүү шайлоо комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын милдеттерин аткаруучу жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.