SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга барды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравияга барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгына келди. Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз - Эр-Рияддын губернаторунун орун басары тосуп алды. Иш сапарынын алкагында президент Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="213073,213067,213069,213071,213072,213070,213068"]
info