SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен эртең Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен эртең Кытайга барат
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-6-февралда иш сапары менен Кытайда болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди. Жээнбек Кулубаев белгилегендей, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат. “Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, - деди ал.