SerepTV Logo

Жапаров эмне үчүн Москвадагы Жеңиш парадына чакырылган эмес? Расмий жооп

Жапаров эмне үчүн Москвадагы Жеңиш парадына чакырылган эмес? Расмий жооп
Президент Садыр Жапаров Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга барбайт. Быйыл Жеңиш күнүнүн юбилейлик датасы болбогондуктан, ага бир да президент чакырылган эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, орус президенти менен тажик президентинин 8-майдагы расмий жолугушуусу 1 ай мурун эле пландалган жана Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун Жапаров боюнча айткан сөздөрүнөн негативдүү жаңылык жаратпоо керек. "Быйыл пандемияга байланыштуу Жеңиш күнүнө арналган парадга бир да президент чакырылган эмес. Анын үстүнө Садыр Жапаров мындай кырдаалда бара алмак эмес. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Владимир Путиндин расмий жолугушуусу 1 ай мурда эле пландалган. Негизинен эки өлкө президенттеринин жолугушуусу 1 ай мурун макулдашылат. Эгер башка бир өлкөнүн президенттери кандайдыр бир себептерден улам Орусияда болуп калышса, алар катыша берет. Бирок бир да президент расмий түрдө парадга чакырылган эмес", - деди ал. Кечээ, 5-майда Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге 8-майда Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун жолуга турганын айткан. Ал эми журналисттин "Жеңиш күнүнө арналган парадга Кыргызстандын президенти келеби?" деген суроосуна "келиши пландалган эмес" деп жооп берген. Бул жооп соцтармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкуу жараткан.
edita