Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү
Президент Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма мамлекет башчысынын көзөмөлүндө.
Буга чейин мамлекет башчысынын жакынкы аралыкта Орусияга жана Түркияга иш сапары менен барары айтылып жаткан.