SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди.
Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду. Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="104201,104208,104207,104200,104202,104209,104195,104206,104198,104210,104204,104203,104205,104199,104197,104196,104194"]