SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга барат

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга барат
Мамлекет башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Жапаров «Казинформбюро» агенттигине берген маегинде билдирди. “Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен барып келген соң, 11-12-мартта Өзбекстанга барам. Андан кийин боордош Түркия жана коңшубуз Кытайга сапар уюштурулат”,- деп билдирди ал. Белгилей кетсек, Жапаров бүгүн мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга кеткен. Учурда ал Нур-Султан шаарында казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Unknown Author