SerepTV Logo

Президент Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуштады

Президент Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуштады
«Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына президент Садыр Жапаровдун «Союздук байланыштар. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын байланыштары тууралуу» макаласы жарыяланды. Анда Садыр Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуштаган. «2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт»,- деп жазылган макалада. Мамлекет башчысы биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашпай калганын баса белгиледи. «Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди. Орусиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Орусиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү. Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Орусиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем», - деди Садыр Жапаров.
edita