SerepTV Logo

Президент кумарканалар тууралуу мыйзамга кол койду

Президент кумарканалар тууралуу мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” мыйзамына жана  Кыргыз Республикасынын “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан 22-июнда кабыл алынган. Мыйзамдардын максаты инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү болуп саналат. “Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” мыйзам менен оюн ишмердүүлүгүнүн субъектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте каттоодон өткөн юридикалык жактар болору аныкталат, анын ичинде чет элдик. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензиянын негизинде жоопкерчилиги чектелген коом жана жабык акционердик коом формасындагы юридикалык жактар гана оюн ишмердүүлүүгү менен алектенүүгө укуктуу. Лицензия берүү Министрлер кабинети аныктаган тартипте акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, оюн мекемеси балдар бакчасынын, мектептердин, ЖОЖдордун, башка окуу мекемелеринин, медициналык жана диний мекемелердин, маданий мекемелердин, ошондой эле турак-жай имараттарында жайгаша албайт. Мындан тышкары, Кыргыз жарандары, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жарамсыз чет элдик жарандар оюн жайларынын кардарлары боло албасы мыйзам менен бекитилген. “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салык кодексине, Бюджеттик кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Бул өзгөртүүлөр “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын концепциясына жана максаттарына шайкеш келет. Белгилеп айтканда, Салык кодекси 62-бөлүм менен толукталууда, анда казинонун 1 оюн оюн ойнолуучу үстөлү үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы – 750 миң сомду, 2023-жылы – 1 миллион сомду, 2024-жылдан тартып – 1 миллион 250 миң сомду түзөт.