Президент жеке ишкерлерди колдогон жарлыкка кол койду
Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, токтом өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Жапаров Орусия менен Казакстанга болгон иш сапарларынын алкагында чет элдик ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстанда жакынкы мезгилде инвесторлордун укуктарын коргоону күчөтүү жана ишкерлик кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча кошумча чаралар кабыл алынарын белгилеген болчу.