SerepTV Logo

Президент “Дордойдо” салыктык администрациялоо боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент “Дордойдо” салыктык администрациялоо боюнча пилоттук долбоорлорду өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров “Дордой” базарында салыктык администрациялоо боюнча пилоттук долбоорлорду  өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Анын максаты - салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү, салык жол-жоболорун санариптештирүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Пилоттук долбоордо төмөнкүлөр жазылган: 15-марттан баштап беш айга чейин “Дордой” базарында иштегендердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алууну жана көзөмөлдөө милдеттерин салык агенти статусунда базар администрациясына жүктөө; 1-июндан тарта үч ай жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүү; пилоттук долбоорго катышуучу “Дордой” соода-базаркомплексинин базарларынын реестрин бекитүү; 1-декабрга чейин кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаттарын каттоочу орган салык кызматына берилүүчү маалыматты актуалдаштыруу; 1-октябрга чейин пилоттук долбоорлордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү; Мамлекеттик салык кызматы салык төлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында банктарга салык кызматынын маалыматтык системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.