Премьер-министр Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө берди
Өкмөт башчысы Улукбек Марипов мындан бир нече күн мурун Төрткүл суу сактагычы боюнча айткан сөзүнө видео кайрылуу жасап, түшүндүрмө берди.
"Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары мени түшүндү деп ойлойм. Бул жерде сөз ошол Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы башкы суу бөлүштүрүүчү тосмосунан 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайрыма каналы тууралуу болгон. Тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурууга аракет кылышы мүмкүн. Ушул маселени биз келечекте мамлекеттин кызыкчылыгына чечиле тургандай, мыйзамдын чегинде карашыбыз керек", — деди өкмөт башчысы.
Ал ошондой эле Төрткүлдү стратегиялык объектилердин катарына киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
"Баткендин эли чек арага чеп болуп коргоп келишет. Бул үчүн өзүнчө ыраазычылык билдиремин. Төрткүл суу сактагычы, анын башкы суу буруучу жери боюнча дагы биздин өзгөчө ой-пикирибиз бар. Жакынкы күндөрдө Төрткүл суу сактагычын, ошондой эле анын башкы суу буруучу жерин стратегиялык объектилерге киргизүү боюнча иш башталды. Муну президент менен Коопсуздук кеңешине сунуштайбыз", — деди Марипов.
Премьер-министр кошуна Тажикстан менен дагы ынтымакта жашап, бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын кошумчалады.
3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. «Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын да, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар», - деген ал күнү Марипов.
4-февралда айрым эл өкүлдөрү бул боюнча депутаттык комиссия түзүп иликтөөнү сунушташкан. Ошондой эле 5-февралда Баткенде облустук администрациянын алдында 250-300дөй адам нааразылык акциясына чыгып, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылышкан.