SerepTV Logo

Улукбек Марипов тапшырманы аткарбагандыгы үчүн Бишкексууканалдын жетекчисин сындады

Улукбек Марипов тапшырманы аткарбагандыгы үчүн Бишкексууканалдын жетекчисин сындады
Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкексууканалдын башчысынын ишине нааразы болуп, сындады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жетекчи Мариповдун тапшырмасын өз мөөнөтүндө аткарган эмес. Анда Бишкек башкы архитектурага жумушчу сапарынын жүрүшүндө премьер-министр интерактивдүү картаны иштеп чыгуу боюнча бардык тапшырмалар аткарылдыбы деп сураган. Мамлекеттик ахитектура жана курулуш башчысы Урматбек Кокочаров анын тапшырмасына ылайык, “Түндүкэлектр” жана “Жылуулуктармактарынын” интерактивдүү картасы даяр экенин, ал эми “Газпромдун” картасы даяр эмес экенин айткан. Докладчы тараптар ишти бүтүрүү үчүн 6 ай сураганын кошумчалады. Бирок, Бишкексууканалдын өкүлү кечээ иштин 98%ы тапшырылганын айтты. Мындан улам Улукбек Марипов, Кочкоровдун билдирүүсүнө нааразычылыгын билдирди. “Мен бир ай мурда иш бир айдын ичинде бүтпөсө иштей тургандар башка адамдар келет деп айтканмын. Мамкурулуш иш бүтө элек дейт, сиздер бүттү дейсиздер. Биз тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Бул тууралуу мен жыйындын соңунда айтам”,- деди Марипов.
Unknown Author