Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнө кеңешчи дайындады
Өкмөт башчы Улукбек Мариповго коомдук башталыштагы кеңешчи болуп Динара Руслан дайындалды. Маалыматты өкмөттөн кабарлашты.
"Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон бүйрукка ылайык, Динара Руслан премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Динара Руслан CodifyLab Academy программалоо жана Дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрайымы жана мүчөсү.