SerepTV Logo

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жумушчу сапардын алкагында өкмөт башчы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат. Мындан тышкары, өкмөт башчы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат. Ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.
edita