SerepTV Logo

Кыргыз өкмөт башчысы Беларустун премьер-министри менен жолукту

Кыргыз өкмөт башчысы Беларустун премьер-министри менен жолукту
Өкмөт башчы Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарындагы иш сапарынын алкагында Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен жолукту. Жолугушууда өкмөт башчылар ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти. Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын көздөгөн ишиндеги ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.
edita