SerepTV Logo

Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти

Премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти
Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өкмөттүн жаңы курамы:
  • Марипов Улукбек Асамидинович — премьер-министр;
  • Новиков Артем Эдуардович — биринчи вице-премьер-министр;
  • Кармышаков Улукбек Тойчуевич — экономика жана финансы министри, вице-премьер-министр;
  • Асанкулов Жеңиш Асанкулович — Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр;
  • Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — коргоо министри;
  • Казакбаев Руслан Айтбаевич — тышкы иштер министри;
  • Чыныбаева Асел Рыспековна — юстиция министри;
  • Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри;
  • Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — билим берүү жана илим министри;
  • Иманалиев Кайрат Олжобаевич — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Ажикеев Бообек Эргешович — өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Ниязбеков Улан Омоканович — ички иштер министри;
  • Абдралиева Гүлмира Курманбековна — транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
  • Турдубаев Кубанычбек Апышевич — энергетика жана өнөр жай министри;
  • Жаныбек Аскарбек Сапарбекович — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
  • Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич  — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров мурдагы өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.
edita