SerepTV Logo

Парламенттик шайлоо. 21 партиянын талапкерлеринин тизмеси катталды

Парламенттик шайлоо. 21 партиянын талапкерлеринин тизмеси катталды
Борбордук шайлоо комиссиясы 21 партиядан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлерди каттады. Бүгүн, 29-октябрда үгүт иштери башталды. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жалпы 90 депутаттын ичинен 54 депутат партиялардын тизмеси менен, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат. Каттоодон өткөн партиялар: - «Ата Мекен»; - «Ишеним»; - «Ынтымак»; - «Улуттар Биримдиги»; - «Ата Журт - Кыргызстан»; - «Ыйман Нуру»; - «Бүтүн Кыргызстан»; - «Альянс»; - «Азаттык» демократиялык партиясы; - «Улуу-Журт» социалисттик партиясы; - «Мекенчил Эл» демократиялык партиясы; - «Бирдиктүү Кыргызстан» патриоттук партиясы; - «Социал-демократтар»; - «Аруузат»; - «Ордо»; - «Багыт» либералдык-демократиялык партиясы; - «Кыргызстандын жашылдар партиясы»; - «Легалайз»; - «Күчтүү регион»; - «Жашасын Кыргызстан»; - «Эл Үмүтү социалдык-саясий партиясы».