SerepTV Logo

Парламентте лотерея бизнесин жандандыруу сунушталды

Парламентте лотерея бизнесин жандандыруу сунушталды
Жогорку Кеңеште мамлекеттик лотереяны кайрадан жандандыруу сунушталды. Анын демилгечиси - Гүлшат Асылбаева. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Автордун айтымында, бул мамлекеттик лотереялык компаниянын ишмердүүлүгүн кайрадан жолго коюп, социалдык тармакка инвестиция тартууга жардам берет. "Дүйнө жүзүндө лотерея бизнеси мыйзамдуу жана кумар оюндарына альтернатива катары каралып келет. Элден социалдык муктаждыктар үчүн каражат тартууга жардам берет. Лотерея рыногун анализдөөнүн жыйынтыгы экономиканын бул секторунун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөттү”, — деди депутат. Ошондой эле документте лотереяларды электрондук түрдө сатып, заманбап рынок түзүүгө болору айтылган. Мындан тышкары, уюштуруучулар электрондук лотереяны ойнотордон мурда сөзсүз анын катышуучуларына алдын ала кабар берилиши керектиги жазылган.
Unknown Author